Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-ноябры № 2
Мекеме-уюмдардын жетекчилеринин 2021-жылдын январь-сентябрь айларындагы аткарган иштери жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын төртүнчү сессиясы, Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын директору Н.Адылбекованын, Ж.Ормотоев атындагы “Баластан” балдар бакчасынын башчысы Т.Бокубаеванын, №8-ҮДТнын башкы дарыгери Т.Калетованын, ИСКАКБ нын жетекчиси К.Шадыбековдун 2021-жылдын январь-сентябрь айларында аткарган иштери тууралуу маалыматын угуп, талкуулап т о к т о м к ы л а т :
1 Чалдовар мектеп гимназиясынын директору Н.Адылбекованын, Ж.Ормотоев атындагы “Баластан” балдар бакчасынын башчысы Т.Бокубаеванын, №8-ҮДТнын башкы дарыгери Т.Калетованын, ИСКАКБ нын жетекчиси К.Шадыбековдун, СПАнын жетекчиси Т.Тыпышевдин 2021-жылдын январь-сентябрь айларында аткарган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2.Аталган жетекчилер айыл өкмөтүнүн аппараттык чогулушунда дайыма катышып, тиешелүү тапшырмалардын үстүндө иш алып барышсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |