Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VII- чакырылышынын) кезексиз III- сессиясы
2021-жылдын 12-июлу № 9
Ийри-Суу айыл өкмөтүндө алты айдын жыйынтыгы менен түшкөн кошумча кирешеден элдин арыздарынын негизде айыл өкмөт башчысынын сунушу менен чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүндө алты айдын жыйынтыгы менен түшкөн кошумча кирешеден элдин арыздарынын негизде айыл өкмөт башчысынын сунушу менен чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Кошумча түшкөн кирешенин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы соц обьектилерге көмүр түшүрүүгө 125000 ( бир жүз жыйырма беш мин) сом
- Өзгөчө кырдаалдарга 100 000( жүз мин) сом
- Айыл өкмөтүнүн ашкана курууга фундаментин куюга 100 000( жүз мин) сом
- Проектиге 100 000( жүз мин) сом
- CОVID-19- 50000 ( элүү мин ) сом
- Айыл аймагындагы көчөлөргө коюлган түнкү жарыктарга, жарыктандыруу тех условиясына 80 000 ( сексен мин ) сом ,
- Мектептердин отоплениясын ондоого 100 000 ( жүз мин) сом
- Айыл өкмөтүнө компьютер алууга 180 000 ( жүз сексен мин) сом
- Ботояров орто мектебине отжагуучуга жатакана курууга жана ажаткананын курулушуна строй материал алууга -35 000 ( отуз беш мин) сом
- Айыл өкмөтүнүн имаратынын ички ремонтуна 100 000 ( жүз мин) сом
- Айылдык Кенешине депутаттар пайдаланууга стол, стул жана керектүү эмеректерди алууга 100 000 ( жүз мин) сом
Жалпы суммасы 965 000 ( тогуз жүз алтымыш беш мин) сомго чыгашасы бекитилсин .
2.Токдомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ийри-Суу айыл Кенешинин төрагасы | А.Кыргызбаев. |