Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VII- чакырылышынын) кезексиз III-сессиясы
2021-жылдын 12-июлу № 10
Ийри-Суу айыл өкмөтү тарабынан айыл аймагындагы мектептерге берилген ФПС тин жерлерин кайрадан мектептерге кайтарып берүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтү тарабынан айыл аймагындагы мектептерге берилген ФПС тин жерлерин кайрадан мектептерге кайтарып берүү максатында айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептер Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу ФПС тин жерлеринен пайдаланып жүргүндүгүн эске алып, азыркы учурда пайдаланып жүргөн жерлерди ким пайдаланып жаткандыгын тактап чыгуу жагы айыл чарба,жайыт,жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирбекке милдеттендирилсин.
2.Мектептер пайдаланып жүргөн ФПС тин жери толугу менен такталып чыккандан кийин кайрадан мектептер пайдалана тургандыгы эске алынсын.
3.Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Айыл чарба,жайыт,жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын төрагасы Мисиралиев Замирбек жүктөлсүн.
Ийри-Суу айыл Кенешинин төрагасы | А.Кыргызбаев. |