Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VII- чакырылышынын) кезексиз IV- сессиясы
2021-жылдын 24-сентябры № 17
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезексиз IV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан Ийри-Суу айылдык Кенешине келип түшкөн арыздарды канааттандыруу жөнүндө маселенип угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1. Корс- Этти айылынын тургундарынын арызы канааттандырылып көрүстөнгө жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Корс- Этти айылындагы көрүстөндүн алдындагы 0,15 га жер тилкеси өздөштүрүлүп көрктөндүрүү үчүн айылдын тургуну Калыков Жалынбекке 10 ( он ) жылга ижарага бөлүнүп берилсин.
3.Ак-Терек айылынын тургуну Калдыбаева Назира, Жийде айылынын тургуну Сариева Арзыканга жеке менчик турак жай курууга жер тилкеси бөлүнүп берилсин жана айылдын башкы планына киргизилсин.
4. Жийде айылынын тургуну Алиева Зымыраттын Калмурза уулу Мырзаким көчөсүндөгү жеке менчик турак жайынын жер тилкеси айылдын башкы планына киргизилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
6.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.
Ийри-Суу айыл Кенешинин төрагасы | А.Кыргызбаев. |