Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XV- сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 1
Жыл башында бош калганакча каражатын бекитүү жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндөгү 2019-жылдын башында бош калган акча каражатын бекитүү боюнча Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 2685,4 миң сом жана чыгашалары менен 2685,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Ал эми 2019-жылдын 1-январына карата бош калган 2685,4 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн эмгек акыдан калган 155,5 миң сом, соцфондго чегерүү 65,4 миң сом, турак-жай жана коммуналдык кызматтарына жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муни ципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 6-10-бөлүмдөрүнүн негизинде социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн коммуналдык каражаттарына каржылануусуна каралсын.
2. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары 2019-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 503,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Балдар бакчаларынын тамак-аш азыктарын алуу статьясына 403,1 миң сом, ал эми имараттарды жана учурдагы оңдоого 100,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |