Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) X- сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 2
Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Э.Чолпонбаевдин «Жайыт комитетинин 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга бюджетин бекитүү боюнча долбоорун талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-беренесинин 7-бөлүмүнүн талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 400,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 400,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй кирешелерден ; Жарандардын жайытка чыга турган ири мүйүздүү мал, майда мүйүздүү мал жана жылкылары үчүн алына турган ижара акысынан;
- ири мүйүздүү малга – айына 30 сомдон х 5 айга = 150 сомдон,
- майда мүйүздүү малга( кой, эчкилерге) – айына 6 сомдон х 5 айга = 30 сомдон,
- жылкыга - айына 30 сомдон х 5 айга = 150 сомдон,
Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынын жайытка чыга турган ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малы, жылкылары үчүн алынуучу ижара акысынан ;
- ири мүйүздүү малга – айына 60 сомдон х 5 айга = 300 сомдон,
- майда мүйүздүү малга (кой-эчкилерге) – айына 12 сомдон х 5 айга = 60 сомдон,
- жылкыга – айына 60 сомдон х 5 айга = 300 сомдон,
Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерин тосуп алып, мал багуудан башка багыттарда пайдаланган жарандардан алынуучу ижара акысынан,
- 1 га жер аянтына 1 жылга - 1000 сом,
- Бал челекке – 30 сомдон,
- Жайытка чөп ороко 1 га жер аянтына 400 сом.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлеринде жеке ишкерлик менен алектенген физикалык жактардан алынуучу ижара акысынан ;
- 1 м2 жер аянтына сезонго :
- «Ош-Алай» трассасынын боюнда соода-сатык жүргүзгөндөр;
- жайыт жерлеринин ичинде эс алуу жана саамал ичирүү багытында боз үй тигип, вагон коюп иштеткендер үчүн – 50 сомдон белгиленип, түзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |