Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XV- сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 3
“Абат айыл” Коммуналдык ишканасынын 2018-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылдын бюджетин жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Депутаттар “Абат айыл” коммуналдык ишканасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин ишкананы натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылуу максатында Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Абат айыл» коммуналдык ишканасынын 2018-жылда бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелери 410,2 миң сом, ал эми чыгашалары боюнча 409,2 миң сомдү түзүп, жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. «Абат айыл» коммуналдык ишканасынын 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 900,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 900,0 миң сом жана штаттык бирдиги бекитилсин, ал эми 2019-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаты 1,0 миң сомду түзөт.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |