Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XV- сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 4
«Хает-Бахш» ИСКАКБсынын 2019-жылга тарифтерин бекитүү жөнүндө
Депутаттар Хает-Бахш» ИСКАКБсынын төрагасы Х.Солиевдин 2018-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчетун жана 2019-жылга түзүлгөн бюджетин жана таза сууга болгон тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Хает-Бахш ИСКАКБсынын 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети жана таза сууга болгон тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
Бюджет – 3 389 070 сом;
Көчөдөн ичкен жарандар - 15 сом
Короосунда суу краны бар жарандар – 25 сом
Мекеме-ишканаларга - келишимдин негизинде
2 . «Хаетбахш» ИСКАКБсынын башкармалыгына 2018-жылдан калган або -ненттерден карыздарды өндүрүү боюнча иштерин күчөтүү, түзүлгөн иш пландын жана сметанын алкагында иш алып баруу жагы милдеттендирилсин..
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |