Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XV- сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 5
«Досонов А» атындагы ИСКАКБсынын2019-жылга тарифтерин бекитүү жөнүндө
Депутаттар «Досонов А» атындагы ИСКАКБсынын төрагасы Д. Мырзалиевдин 2018-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчетун жана 2019-жылга түзүлгөн бюджетин жана таза сууга болгон тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Досонов А» атындагы ИСКАКБсынын 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети жана таза сууга болгон тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
Бюджет – 653 200 сом;
Ар бир кожолукка айына - 120 сомдон.
2. «Досонов А» атындагы ИСКАКБсынын башкармалыгына 2018-жылдан калган абоненттерден карыздарды өндүрүү боюнча иштерин күчөтүү, түзүлгөн иш пландын жана сметанын алкагында иш алып баруу жагы милдеттендирилсин..
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |