Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XV- сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 6
Ыксыз чыгымдарды кыскартуу жана спирт ичимдиктерин жоюу боюнча Кенжекул, Мөнөк айылдарынын жалпы элдик чогулуштарынын протокол дорун бекитүү жана бул саамалыкты башка айылдарга жайылтуу
Айыл аймагында жарандар өткөрүп аш-тойлордо, тажияларда жана башка иш чараларда жылкы, кара мал жана койлор союлуп, андан тышкары акча каражаттары да көп сарпталып жаткандыгына, жаштарыбыз спирттик ичим- диктерге берилип кеткендигине байланыштуу Кенжекул, Мөнөк айылдарынын тургундары ыксыз чыгымдарды кыскартуу, спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салуу боюнча элдик жыйындарды өткөрүшүп, ал жөнүндө токтом кабыл алышып, бекитип берүү үчүн айылдык кеңешке кайрылышкан.
Депутаттар Кенжекул, Мөнөк айылдарынын элдик жыйындарынын протокол дору менен таанышып, талкуулап чыккандан кийин эл арасында аш-тойлордо, тажияларда чыгымдарды кыскартуу жана айылдарда спирттик ичимдиктерди сатууга жана ичүүгө тыюу салуу максатында Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенжекул жана Мөнөк айылдарында аш-тойлордо, тажияларда чыгымдарды кыскартуу жана спирттик ичимдиктерди сатууга жана ичүүгө тыюу салуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдору бекитилсин.
2. Тойлорду (үйлөнүү тою, үй той жана сүннөт той), тажияларды жана жылдыктарды өткөрүүдө төмөндөгү чектер коюлсун :
- 1 койдон ашык союуга;
- күрүч – 10 кг-дан ашык демдөөгө;
- себет алып келүүгө;
- кийит кийгизүүгө;
- маркумдун 40 күндүгүн өткөрүүгө;
- дүкөндөрдө спирттик ичимдиктерин (пиводон башкасы) сатууга катуу тыюу салынсын.
3. Мааракелерде себет алып келүүнүн ордуна акчалай берүү жагы сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомду аткарууну камсыз кылуу максатында айылдарда айылдык кеңештин депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн кызматчыларынан, коомчулуктун өкүлдөрүнөн жана аялдардан турган атайын комиссия түзүлсүн.
5. Токтомдун нускалары эл көп чогулган жерлерге, мектептерде, мечиттерде илип, элди кабарландыруу, түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүү жагы аксакалдарга, айыл башчыларына, мечиттердин имамдарына, айыл активисттерине жана жаштарына жүктөлсүн.
6. Мечиттин имамдарына – ушул токтомду иш жүзүнө ашыруу максатында ыксыз чыгымдардын зыяны жөнүндө «Курани каримден» мисалдарды келтирип, тойлордо, жаназаларда жана башка мааракелерде баян айтуу менен айыл башчыларына жакындан жардам берүүсү;
- Элге билим берүү жана мектепке чейинки жана саламаттыкты сактоо мекеме- леринин жетекчилерине – чогулуштарда, тарбиялык сааттарда жана башка иш чараларда ушул токтомдун маани-маңызын элге жеткирүү милдеттендирилсин.
7. Токтомдун нускалары ар бир айылдын айыл башчыларына элге тааныштыруу жана түшүнүдүрүү иштерин жүргүзүү үчүн таркатылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы толугу менен айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |