Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XV- сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 8
«Ынтымак» ИСКАКБсынын 2019-жылга тарифтерин бекитүү жөнүндө
Депутаттар «Ынтымак» ИСКАКБсынын төрагасы А. Ыраззаковдун 2018-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчетун жана 2019-жылга түзүлгөн бюджетин жана таза сууга болгон тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ынтымак» ИСКАКБсынын 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети жана таза сууга болгон тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
Бюджет – 356 350 сом
1 м3 ичүүчү сууну үйдөн ичкендерге – 22 сомдон,
Көчөдөн ичкендерге суу эсептегич боюнча.
2. «Ынтымак» ИСКАКБсынын башкармалыгына 2018-жылдан калган абоненттерден карыздарды өндүрүү боюнча иштерин күчөтүү, түзүлгөн иш пландын жана сметанын алкагында иш алып баруу жагы милдеттендирилсин..
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы |
Миңбаева А |