Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XV- сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 12
Бекжар айылынын көчөлөрүнүн бирине наам ыйгаруу жөнүндө
Депутаттар Бекжар айылынын 2019-жылдын 19-мартындагы көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйындын № 1 протоколу менен таанышып жана талкуулап чыккандан кийин Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекжар айылынын 2019-жылдын 19-мартындагы көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйындын № 1 протоколунун негизинде Бекжар айылынан Кара-Чукур жайлоосуна карай кеткен ысымы жок көчөсүнө эмгектин жана согуштун ардагери Бепиев Зулпукардын ысымы ыйгарылсын..
2. Бепиев Зулпукар атындагы көчөнүн чек аралары – түндүктөн түштүккө карай оң жагынан Тагаев Бакыттын үйүнөн, сол жагынан азык-түлүк магазинден башталып, оң жактан Султанбаев Мизамидин менен сол жактан Кенжебаев Алинин үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Бепиев Зулпукар атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы Бепиев Зулпукардын үй-бүлөсүнүн өз эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы (көчөгө жазууларды жана үйлөргө катар номерлерди илдирүү) Бекжар айылынын айыл башчысы Акимжан уулу Нуркыязга милдеттендирилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |