Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XV- сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 13
Бекжар айылынын көчөлөрүнүн бирине наам ыйгаруу жөнүндө
Депутаттар Бекжар айылынын 2019-жылдын 19-мартындагы көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйындын № 1 протоколу менен таанышып жана талкуулап чыккандан кийин Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекжар айылынын 2019-жылдын 19-мартындагы көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйындын № 1 протоколунун негизинде Бекжар айылынан Кара-Чукур жайлоосуна карай кеткен ысымы жок көчөсүнө маркум Токуев Акимжандын ысымы ыйгарылсын..
2. Токуев Акимжан атындагы көчөнүн чек аралары – түндүктөн түштүккө карай оң жагынан Ахметов Жеңишбектин, сол жагынан Тажибаев Аттокурдун үйлөрүнөн башталып, оң жактан Аданов Мамасали менен сол жактан Маатов Дастандын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Токуев Акимжан атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы Токуев Акимжандын үй-бүлөсүнүн өз эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы (көчөгө жазууларды жана үйлөргө катар номерлерди илдирүү) Бекжар айылынын айыл башчысы Акимжан уулу Нуркыязга милдеттендирилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |