Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XI- сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 14
Кашкар-Кыштак айылынын жаңы көчөлөрүнүн бирине наам ыйгаруу жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын 2-участканын Рузибаев Усанбайдын дыйкан чарбасынын айланасындагы жаңы көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндөгү 2019-жылдын 25-январындагы элдик жыйындын протоколу менен таанышып жана талкуулап чыккандан кийин Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын 2019-жылдын 25-январындагы жаҢы көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйындын №1 протоколунун негизинде Кашкар-Кыштак айылынын Ахмаджанов Сабиржан атындагы көчөсүнүн батыш тарабындагы кийинки жаңы көчөсүнө маркум Ахмаджанов Каримбердинин ысымы ыйгарылсын..
2. Ахмаджанов Каримберди атындагы көчөнүн чек аралары –түштүктөн түндүккө карай оң жагынан Маткурбанов Исмаилжандын, сол жагынан Султанов Оматилланин үйлөрүнөн башталып, оҢ жактан Халмурзаев Умар менен сол жактан Ахмаджанов Арабидиндин үйлөрүнөн токтоп, батыш тараптагы кийинки бир бет көчөнүн оң жагынан Каримов Абдурашиттин үйүнөн уланып Юсупова Мохиданин үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Ахмаджанов Каримберди атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы Ахмаджанов Каримбердинин үй-бүлөсүнүн өз эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы (көчөгө жазууларды жана үйлөргө катар номерлерди илдирүү) Кашкар-Кыштак айылынын айыл башчысы Хошимов Кодиржанга милдеттендирилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |