Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 4
Мөнөк айылынын “Шер” дыйкан чарбасынын жетекчиси Шеров Мамасалинин арызын кароо
Депутаттар Мөнөк айылынын тургуну Шеров Мамасалинин жер үлүштөрүн бир контурдан 83 контурга которуп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин сунушунун негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба багытындагы жана үлүш жерлерге өзүнчө код коюлуп, кадастрга киргендиктен, бир контурдан экинчи контурга которуу мүмкүн эместигине байланыштуу Мөнөк айылынын тургуну Шеров Мамасалинин арызы канааттандырылбасын.
2. Токтомдун көчүрмөсү арыз ээсине маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |