Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 5
Кенжекул айылынын тургуну Саитов Абдыжапардын арызын кароо
Депутаттар Кенжекул айылынын тургуну Саитов Абдыжапардын Кенжекул айылындагы эски мектептин бош жаткан бир бөлмөсүн ижарага берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кенжекул айылындагы эски мектептин бош жаткан бир бөлмөсүн электр жана тиричилик жабдууларын оңдоочу жай ачуу үчүн Саитов Абдыжапарга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ижарага берүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, келишим түзүү жактары айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |