Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 7
Бекжар айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитүү
Бекжар айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, үлүш жана ижарага алган жерлерге жана жакын- кы жайыттарга кирип, ал жерлерди зыянга учуратып жаткан үй жаныбарлары- нын ээлерине карата тартиптик чара колдонууну жүзөгө ашыруу максатында, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекжар айылындагы үлүш жана ижарага алган жерлерди жана жакынкы жайыттарды зыянга учураткан жаныбарлардын ээлерине, жер кыртышын бузуп, кара топурак, сайлардан таш, шагыл алган жарандарга карата чара колдонуу Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндөгү» кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын иш жүзүнө ашыруу, токтомдун көчүрмөсүн - жарандарга тааныштыруу үчүн эл көп жыйналган жерлерге, кеңселердин имараттарына баннер түрүндө илү жагы Бекжар айылынын айыл башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |