Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 8
Кашкар-Кыштак айылынын көчөсүнө Нурдинов Шарабидиндин ысымын ыйгаруу
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын 2019-жылдын 4-майындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Нурдинов Шарабидиндин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын жаңы көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Нурдинов Шарабидиндин ысымы ыйгарылсын.
2. Нурдинов Шарабидин атындагы көчөсүнүн чекаралары – Нурдинов көчөсүнүн аягынан чыгыш тарапка бурулганда биринчи көчөнүн, түштүк тарабынан оң жактан Умаров Патидиндин, сол жактан Усманов Махамаджандин үйлөрүнөн, түндүк тарабынан оң жактан Артиков Манаптын, сол жактан Умаров Сатардын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Нурдинов Шарабидин атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |