Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 9
Кашкар-Кыштак айылынын бош көчөсүнө Маматалиева Артикхандын ысымын ыйгаруу
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын тургундарынын 2019-жылдын 16-октябрындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Маматалиева Артикхандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Маматалиева Артикхандын ысымы ыйгарылсын.
2. Маматалиева Артикхан атындагы көчөсүнүн чекаралары - Кара-Суу көчөсүнүн чыгыш тарабында жайгашкан, башталышы Султанов көчөсүндөгү Пазылов Арабидиндин үйүнөн , чыгышка баратканда сол жакка бурулган кыска көчө, түштүктөн, оң жактан Халилов Равшандын, сол жактан Маткасимов Исраилжандын үйлөрүнөн башталып аягына чейин, анын уландысы кийинки узун көчө, түштүктөн, оң жагынан Икрамов Кахардын , сол жагынан Шамшидинов Абишүкүрдүн үйлөрүнөн башталып, түндүгүнөн, оң жагынан Курбанов Миролим менен сол жактан Розиева Аширхандын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Маматалиева Артикхан атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |