Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 11
Алгабас айылынын бош көчөсүнө Кочкоров Арындын ысымын ыйгаруу
Депутаттар Алгабас айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги айылдын көчөлөрүнүн бирине тооруктун жана эмгектин ардагери Кочкоров Арындын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жө нүндө гү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бө лүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жө нүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алгабас айылынын бош көчөлөрүнүн бирине тооруктун жана эмгектин ардагери Кочкоров Арындын ысымы ыйгарылсын.
2. Кочкоров Арын атындагы көчөсүнүн чекаралары - “Ош-Гүлчө ” унаа жолунун сол жагындагы (Ош шаары жактан баратканда) күн батыш тараптан Сайдалиев Заирдин үйүнөн башталып, күн чыгыш тараптан Сарымсакова Марияхандын үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Кочкоров Арын атын- дагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |