Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 12
Алгабас айылынын бош көчөсүнө Салибаев Пландын ысымын ыйгаруу
Депутаттар Алгабас айылынын тургундарынын 2019-жылдын 19-мартындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине согуштун жана эмгектин ардагери Салибаев Пландын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” ж өнүнд өгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-б өлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар ж өнүнд өгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-б өлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алгабас айылынын бош көчөлөрүнүн бирине согуштун жана эмгектин ардагери Салибаев Пландын ысымы ыйгарылсын.
2. Салибаев План атындагы көчөсүнүн чекаралары - “Ош-Гүлч ө” жолунун Ош шаарынан баратканда батыш тарабынан, сол жактан Аттокурова Арзикандын үйүн өн башталып, чыгыш тараптан, сол жактан Кадыров Түгөлбайдын үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Салибаев План атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |