Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 14
Тажик-маала айылынын бош көчөсүнө Ахмеджанов Мамажандын ысымын ыйгаруу
Депутаттар Тажик-маала айылынын тургундарынын 2019-жылдын 2-апрелиндеги айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Ахмеджанов Мамажандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Тажик-маала айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Ахмеджанов Мамажандын ысымы ыйгарылсын.
2. Ахмеджанов Мамажан атындагы көчөсүнүн чекаралары - Тажик маала айылынын борбордук көчөсүнөн чыгыш тарабында жайгашкан үчүнчү көчөнүн түштүгүнөн, оң жагынан Тешабаев Юлдашбайдан, сол жагынан Ахунов Даврандын үйүнөн баштап, түндүгүнөн, оң жагынан Мамасидиков Алишердин жана сол жагынан Капаров Кадырдын үйүнөн аяктасын
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Ахмеджанов Мамажан атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |