Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 15
Тажик-маала айылынын бош көчөсүнө Тешебаев Урмандын ысымын ыйгаруу
Депутаттар Тажик-маала айылынын тургундарынын 2019-жылдын 2-апрелиндеги айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Тешебаев Урмандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Тажик-маала айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Тешебаев Урмандын ысымы ыйгарылсын.
2. Тешебаев Урман атындагы көчөсүнүн чекаралары - Тажик маала айылынын борбордук көчөсүнүн чыгыш тарабында жайгашкан биринчи көчөнүн түштүгүнөн, сол жагынан Саттаров Абдырахмандын үйүнөн баштап, түндүгүнөн, сол жагынан Капаров Кадырдын үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Тешебев Урман атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |