Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 16
Тажик-маала айылынын бош көчөсүнө Машарипов Эралинин ысымын ыйгаруу
Депутаттар Тажик-маала айылынын тургундарынын 2019-жылдын 4-октябрындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине согуштун жана эмгектин ардагери Машарипов Эралинин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Тажик-маала айылынын бош көчөлөрүнүн бирине согуштун жана эмгектин ардагери Машарипов Эралинин ысымы ыйгарылсын.
2. Машарипов Эрали атындагы көчөсүнүн чекаралары – Тажик-маала айылынын борбордук көчөсүнөн чыгыш тарабында жайгашкан экинчи көчөнүн түштү- гүнөн, оң жагынан Юсупова Мукаддасхондун , сол жагынан Тешебаев Хатамдин үйлөрүнөн башталып, түндүгүнөн, оң жагынан Зияев Осмоналинин жана сол жагынан Ахмедов Акпардын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Машарипов Эрали атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |