Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 18
Тажик-маала айылынын бош көчөсүнө Юсупов Султанмамыттын ысымын ыйгаруу
Депутаттар Тажик-маала айылынын тургундарынын 2019-жылдын 2-апрелиндеги айылдын к өч өл өрүнүн бирине эмгектин ардагери Юсупов Султанмамыттын ысымын ыйгаруу ж өнүнд өгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” ж өнүнд өгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-б өлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар ж өнүнд өгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Тажик-маала айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Юсупов Султанмамыттын ысымы ыйгарылсын.
2. Юсупов Султанмамыт атындагы көчөсүнүн чекаралары – Тажик-маала айылынын борбордук көчөсүнөн Машрапов Камилдин үйүн өн түндүккө карай, сол жакка бурулганда оң жактан Ахмедов Аскардын, сол жактан Абдикаримов Бахтиярдын үйл өрүн өн башталып, ортосунан дагы чыгышка карай бурулуп, оң жактан Турдубаева Минажаттын жана сол жактан Юсупов Пазылдын үйлөрүнөн аяктасын.
3. К өч өнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Юсупов Султанмамыт атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |