Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVII- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 19
Жарооз айылынын бош көчөсүнө Тургунбаев Абдыкеримдин ысымын ыйгаруу.
Депутаттар Жарооз айылынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Тургунбаев Абдыкеримдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жарооз айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Тургунбаев Абдыкеримдин ысымы ыйгарылсын.
2. Тургунбаев Абдыкерим атындагы көчөсүнүн чекаралары – Тойчубеков Тургунбай атындагы көчөсүнөн Ибрагимов Нурпаиздин үйүнөн чыгыш тарапка бурулганда оң жактан Анарбаева Максаттын, сол жактан Ибрагимов Нурпаиздин үйлөрүнөн башталып, оң жактан Досуев Маматжандин жана сол жактан Досуев Калбердинин үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Тургунбаев Абдыкерим атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |