Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 22
Жарооз айылынын бош көчөсүнө Абылов Шамшинин ысымын ыйгаруу
Депутаттар Жарооз айылынын 2019-жылдын 15-мартындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Абылов Шамшинин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Жарооз айылынын бош көчөлөрүнүн бирине согуштун жана эмгектин ардагери Абылов Шамшинин ысымы ыйгарылсын.
2. Абылов Шамши атындагы көчөсүнүн чекаралары – айылдын борбордук көчөсүнө тигинен кошулган, батыш тарабынан сол жактан Исаев Нарындын үйүнөн жана оң жагынан Исмаилова Максуданын үйүнөн башталып, түштүк тарабынан сол жагынан Келдибаев Алибектин үйүнөн, оң жагынан Кадыров Алибайдын үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Абылов Шамши атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |