Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 23
Жарооз айылынын бош көчөсүнө Жолдошев Шамшинин ысымын ыйгаруу
Депутаттар Жарооз айылынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Жолдошев Шамшинин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Жарооз айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Жолдошев Шамшинин ысымы ыйгарылсын.
2. Жолдошев Шамши атындагы көчөсүнүн чекаралары – “Кара-Суу-Өзгөн” унаа жолунан түндүккө карай бурулганда түштүгүнөн, сол жактан Жантөрөева Ражапхандын үйүнөн башталып, түндүгүнөн сол жактан Таирбеков Батырдын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Жолдошев Шамши атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |