Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 24
Жарооз айылынын бош көчөсүнө Арыкбаев Тургунбайдын ысымын ыйгаруу.
Депутаттар Жарооз айылынын 2019-жылдын 29-январындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Арыкбаев Тургунбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарооз айылынын бош көчөлөрүнүн бирине согуштун жана эмгектин ардагери Арыкбаев Тургунбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Арыкбаев Тургунбай атындагы көчөсүнүн чек аралары – Тойчубеков Бердибай атындагы көчөсүнөн чыгыш тарапка Мусанова Бактыгүлдүн үйүнөн бурулганда, батыштан, оң жактан Абдуллаев Талиптин, сол жактан Мусанова Бактыгүлдүн үйлөрүнөн башталып, чыгыш тарапка кеткенде Мундузбаев Токтоматтин үйүнөн бурулуп, оң жагынан Бекишов Мухтар менен Чирмашев Бакыттардын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Арыкбаев Тургунбай атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |