Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 25
Мөнөк айылынын бош көчөсүнө Ташиев Абдикаримдин ысымын ыйгаруу.
Депутаттар Мөнөк айылынын 2019-жылдын 21-сентябрындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине согуштун жана эмгектин ардагери Ташиев Абдикаримдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мөнөк айылынын бош көчөлөрүнүн бирине согуштун жана эмгектин ардагери Ташиев Абдикаримдин ысымы ыйгарылсын.
2. Ташиев Абдикарим атындагы көчөсүнүн чекаралары – Б. Рыскулов атындагы көчөсүнүн 5 үйүнөн чыгыш тарапка бурулуп, кайра түндүк тарапка бурулганда биринчи көчөнүн түштүгүнөн, оң жагынан Мамадалиев Азизбектин, сол жагынан Мырзалиев Абсаматтин үйүнөн башталып, түндүгүнөн, оң жагынан Чалов Шумкардын жана сол жагынан Абдивалиевдин үйүнөн аяктасын, ал эми түндүк тарапка бурулган экинчи көчө түштүгүнөн, оң жагынан Аркозуева Разиянын, сол жагынан Туратов Азимдин үйүнөн башталып, түндүгүнөн, оң жагынан Тахир уулу Шайырбектин, сол жагынан Исаков Уландын үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Ташиев Абдикарим атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |