Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 26
Андижан-маала айылынын бош көчөсүнө Аширов Раимберди ысымын ыйгаруу.
Депутаттар Андижан-маала айылынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Аширов Раимбердинин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Андижан-маала айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Аширов Раимбердинин ысымы ыйгарылсын.
2. Аширов Раимберди атындагы көчөсүнүн чекаралары – айылдын борбордук көчөсүнүн түштүк жагында параллель жайгашкан, чыгыштан батышка карай оң жактан Айтбаев Нурлан, сол жактан Темирбаев Улукбектин үйүнөн башталып, аягынан оң жактан Кадыржанов Бахрам жана сол жактан Камалов Мураталинин үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Аширов Раимберди атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |