Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 27
Андижан-маала айылынын бош көчөсүнө Абдураимов Торонун ысымын ыйгаруу.
Депутаттар Андижан-маала айылынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Абдураимов Торонун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Андижан-маала айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Абдураимов Торонун ысымы ыйгарылсын.
2. Абдураимов Торо атындагы көчөсүнүн чекаралары – мечиттен туура өткөндө, түштүктөн түндүккө карай бир тараптуу көчөнүн сол жагынан Маткеримов Ыктыярдын үйүнөн башталып Маматкадыров Мамырдын үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Абдураимов Торо атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |