Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 29
Андижан-маала айылынын бош көчөлөрүнүн бирин “Достук” көчөсү деп атоо жөнүндө
Депутаттар Андижан-маала айылынын 2019-жылдын 10-сентябрындагы айылдын көчөлөрүнүн бирин “Достук” деген наам ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Андижан-маала айылынын бош көчөлөрүнүн бирине “Достук” деген наам ыйгарылсын.
2. “Достук” көчөсүнүн чекаралары – Андижан-маала айылынын борбордук көчөсүнөн мечитке карай кеткенде, түштүктөн, оң жактан Айдарова Гүлсүндүн, сол жактан Темирбаева Бурулдун үйлөрүнөн башталып, мечиттен, сол жакка, батыш тарапка уланып, оң жагынан Сабиров Зайнабидиндин жана сол жагынан Аманбаев Момундун үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Достук көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |