Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-отябры № 30
Бекжар айылынын бош көчөсүнө Адиев Маматбектин ысымын ыйгаруу.
Депутаттар Бекжар айылынын тургундарынын 2019-жылдын 19-мартындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Адиев Маматбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1 .Бекжар айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Адиев Маматбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Адиев Маматбек атындагы көчөсүнүн чекаралары - “Ош-Гүлчө” жолу менен чыгышка карай кеткенде, батыштан, оң жактан Жуманазарова Инаяттин, сол жактан Төрөкулов Мамыттын үйлөрүнөн башталып, чыгыштан, оң жактан Козуев Темирбектин үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Адиев Маматбек атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |