Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 31
Кашкар-Кыштак айылынын бош көчөсүнө Тургунов Рустамдын ысымын ыйгаруу.
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын 2019-жылдын 10-октябрындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Тургунов Рустамдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кашкар-Кыштак айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Тургунов Рустамдын ысымы ыйгарылсын.
2. Тургунов Рустамдын атындагы көчөсүнүн чекаралары – Абдрасулов көчөсү нүн башталышынан түндүк-батыш тарапка кеткенде оң жактан Эргашев Бахадирдин, сол жактан Эсеналиев Акрамдин үйлөрүнөн башталып, түндүк тарабынан, оң жактан Исаков Мухтардын, сол жактан Мукумжановдун үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Тургунов Рустам атын дагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |