Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 32
Кашкар-Кыштак айылынын көчөсүнө Жалалдинов Сайпидиндин ысымын ыйгаруу.
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын 2019-жылдын 15-октябрындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Жалалдинов Сайпидиндин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Жалалдинов Сайпидиндин ысымы ыйгарылсын.
2. Жалалдинов Сайпидин атындагы көчөсүнүн чекаралары – Раимжан Исмаилов көчөсүнүн чыгыш тарабында жайгашкан биринчи көчөнүн түштүк тарабынан, оң жактан Маткадиров Низамдин, сол жактан Хашимов Аширбектин үйлөрүнөн башталып, түндүк тарабынан, оң жактан Матисаков Шахабидиндин, сол жактан Таштемирова Салиханын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Жалалдинов Сайпидин атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |