Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 35
Кашкар-Кыштак айылынын бош көчөсүнө Хамракулов Раимжандын ысымын ыйгаруу.
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын 2019-жылдын 10-октябрындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Хамракулов Раимжандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин, 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин, “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-бөлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Хамракулов Раимжандын ысымы ыйгарылсын.
2. Хамракулов Раимжан атындагы көчөсүнүн чекаралары – Раимжан Исмаилов көчөсүнүн чыгыш тарабында жайгашкан экинчи көчөнүн түштүк тарабынан, оң жактан Содиков Носирдин, сол жактан Сабиров Равшандын үйлөрүнөн башталып, түндүк тарабынан, оң жактан Дадажанов Фахриддиндин, сол жактан Лютфиллаева Хамиданин үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аяктаган жана орто жерлерине “Хамракулов Раимжан атындагы көчөсү” деген деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |