Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 37
2019-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки аралыкта пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын бекитип берүү жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2019-жылдын 9 айында пландан ашыкча түшкөн кирешени бекитүү боюнча Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкуулангнадан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2019-жылдын 1-январдан 1-октябрына чейин :
- Негизги капиталдык сатуудан түшүүчү киреше эсебинен пландан сырткары 414,5 миң сом;
- Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык эсебинен – 520,0 миң сом;
- Ишмердүүлүк максатында пайдалынылуучу мүлк салыгынын II-гр. эсебинен – 177,0 миң сом;
- Транспорттук каражаттары үчүн салык эсебинен – 100,0 миң сом;
бардыгы болуп – 1 211,5 (Бир миллион эки жүз он бир миң беш жүз) миң сом акча каражаты түшкөндүгү белгиленсин.
2. Чыгаша жагы 70629 - «Турак-жай жана коммуналдык тармагынын» 3111 элементине – 1 211, 5 миң сом акча каражатын каржылоого уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |