Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 38
Жарооз айылынын бош көчөсүнө Акжолов Аскардын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Депутаттар Жарооз айылынын 2019-жылдын 31-мартындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагер Акжолов Аскардын ысымын ыйгаруу жөнүнд өгү элдик жыйындын протоколун карап жана талкуулап чыгып, аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүнд өгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-б өлүмүнүн 1-пунктунун , “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо, географиялык обьекттерди атоо, атын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6-б өлүмүнүн 4-абзацына ылайык айылдык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарооз айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Акжолов Аскардын ысымы ыйгарылсын.
2. Акжолов Аскар атындагы көчөсүнүн чекаралары – «Кара-Суу- Өзг өн» унаа жолунунбатыш тарабынан чыгышка карай оң жагынан бир тараптуу жайгашкан үйлөрдөн Токтакунов Заирдин үйүн өн башталып, Сабиров Шайырбектин үйүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталган, аятаган жана орто жерлерине «Акжолов Аскар атындагы көчөсү» деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |