Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы
2019-жылдын 19-октябры № 39
Бекжар айылынын 2019-жылдын 19-мартындагы «Ыксыз чыгымдарды кыскартуу жана спирттик ичимдиктерге тыюу салуу жөнүндөгү» элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө
Бекжар айылында 2019-жылдын 19-мартында болуп өткөн «тажияларда, тойлордо жана башка мааракелерде ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндөгү» элдик жыйындын протоколун карап чыгып, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекжар айылында аш-тойлордо, тажияларда чыгымдарды кыскартуу жана спирттик ичимдиктерди сатууга жана ичүүг ө тыюу салуу боюнча өтк өрүлг өн элдик жыйындын протоколу бекитилсин.
2. Тойлорду (үйлөнүү тою, үй той жана сүннөт той), тажияларды жана жылдыктарды өтк өрүүдө төмөндөгү чектер коюлсун :
- дүкөндөрдө спирттик ичимдиктерин сатууга катуу тыюу салынсын.
- мааракелерде себет алып келүүнүн ордуна акчалай берүү жагы сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомду аткарууну камсыз кылуу максатында айылда айылдык кеңештин депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн кызматчыларынан, коомчулуктун өкүлдөрүнөн жана аялдардан турган атайын комиссия түзүлсүн.
5. Токтомдун нускалары эл көп чогулган жерлерге, мектептерде, мечиттерде илип, элди кабарландыруу, түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүү жагы аксакалдарга, айыл башчыларына, мечиттердин имамдарына, айыл активисттерине жана жаштарына жүкт өлсүн жана элге тааныштыруу жана түшүнүдүрүү иштерин жүргүзүү үчүн таркатылсын.
.6. Кенжекул жана Мөнөк айылдарында ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктары айылдын тургундарына жайылтылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |