Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVII- сессиясы
2019-жылдын 28-декабры № 5
Айыл өкмөтүнүн алдында таза суу боюнча муниципалдык ишкана түзүү
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Абдылдаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2019-жылдын 4-декабрындагы 02 / 1002 катында көрсөтүлгөн таза суу системасын куруу долбоорлорунун алкагында курулуш иштери үчүн атайын техникалар алынып келинери, техникалардын коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын мунципалдык ишкана керектеле тургандыгы, ошондуктан КРӨ 2010-жылдын 10-февралындагы № 59 “Айылды таза суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну кекректөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринен (СООППВ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү” токтомун эске алып, СООППВларды бириктирип, айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык ишкана түзүү зарыл экендиги жөнүндөгү маалыматын угуп, кызуу талкуудан кийин жана Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
1.Айыл аймагындагы :
- “Хает-Бахш” ИСКАКБсы,
- Мөнөк ИСКАКБсы,
- Кенжекул ИСКАБсы,
- Жарооз ИСКАКБларынын базасында (Алгабас, Бекжар айылдары кошулуп,) айыл өкмөтүнүн алдында таза суу боюнча муниципалдык ишкана түзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.Жаёыдан түзүлгөн ишкананын аты – ичимдик суу боюнча «Айкөл» муниципалдык ишканасы деп аталсын.
3.Айыл өкмөтүнө жана ИСКАКБлардын башчыларына – бухгалтердик “Негизги каражаттар” - № 1 китеби боюнча ишканалардын негизги каражаттарын атайын комиссиянын катышуусунда айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүүнү уюштурушсун.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кенештин Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүллкө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн .
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |