Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVII- сессиясы
2019-жылдын 28-декабры № 7
Айылдардын башкы (генералдык) планына өзгөртүү киргизүү үчүн акча каржатын ажыратуу
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин айыл аймагынын калктуу конуштарынын башкы (генералдык) планын кайрадан иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун угуп, кызуу талкуудан кийин Кашкар-Кыштак айылдык Кеёеши
1. Айыл аймагынын эл көп жашаган Кашкар-Кыштак, Мөнөк жана Кенжекул калктуу конушта- рынын башкы (генералдык) планын кайрадан иштеп чыгуу үчүн сарпталуучу чыгымдарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына - иш чараны даярдоого жана өткөрүүгө ажыратылган акча каражатын өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |