Загрузка документа…
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVII- сессиясы
2019-жылдын 28-декабры № 9
Кашкар-Кыштак айылынын борборунда жайгашкан муниципалдык менчикте турган 840 кв.м. жер тилкесин менчиктештирүү жөнүндө
Депутаттар жооптуу катчы М. Маматалиевдин Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Рахматуллаев Илхомдин айылдын борборундагы 840 кв.м. жер тилкесин ижарага алуу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ошол жер тилкесин менчиктештирүү боюнча жазган арызы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, кызуу талкуудан кийин, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101 мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгүнө, 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” № 37 мыйзамынын 11-беренесинин 1-,2- бөлүктөрүнө, 12-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кашкар-Кыштак айылынын борборунда жайгашкан муниципалдык менчикте турган 840 кв.м. жер тилкесин менчиктештирүү аукциондо сатуу усулу менен жүргүзүлсүн.
2. Мыйзамдарда каралган тартипте аукцион өткөрүүнү уюштуруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Миңбаева А |