Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
2017-жылдын 29-августу №12
Ар кандай маселелерди кароо жөнүндө
Чаткал айыл өкмөтүнүн жер боюнча, жарандарга жардам берүү сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу Жаны Базар айылындагы Аэрепорт участкасындагы спорт зал куруу үчүн түшүрүлгөн темирлердин орду 0,45 га жер аянты тоголок жана жарым жетимдер, турмуш шарты оор жарандар үчүн там аркага бөлүнүп берилсин.
2. Жаны базар айылына спорт зал куруу үчүн пландалган Аэрепорт участкасындагы жер пилораманын ордундагы жер аянтына жылдырылсын.
3. Курулуш айылындагы Темиров Кенжебекке айыл өкмөтүнүн бюджетинин ар кандай чыгымдарынын эсебинен мүмкүнчүлүккө жараша акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Э.Кошокбааевдин кайрылуусу боюнча жер комиссиясына мыйзамдуулугун карап чыгуу милдетендирилсин.
5. Ак Булак учаткасындагы Ак булак каналына суу жүрбөй жаткандыгы боюнча айыл тургундарынын кайрылуусу эске алынсын жана тийиштүү органдарга кат жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кенешинин бюджет,мыйзамдуулук жана агрардык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин тѳрагасы: | Эргеш уулу У |