Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2020-жылдын 18-декабры № 91
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын батыш тарабынан, мамлекеттик менчиктеги №404 контурундагы 5,4 га кургак сай, № 55, 443, 439, 404, 83, 412, 416, 639, 410, 409, 406, 646, 647, 648, 649, 650, 651, 652, 653, 654, 655, 94, 85, 415, 96, контурларындагы 194,6 га таштуу жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) көрсөтүлгөн жалпы аянты 200,0 гектарды элдерди турак-жай куруу үчүн жер менен камсыз кылуу максатында макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы Баткен райондук администрациядан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: |
| Ибраим уулу Т. |