Загрузка документа…
Ш.КЕНЖЕТАЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2021-жылдын 13-декабры № 9
Сары-Камыш айыл аймагындагы Айыл чарба категориясынын, мамлекеттик менчикте турган жайыт жерден калктуу конушта каттоого тушө элек жерлерди жана турак жайларды трансформациялоо жөнүндө
Сары-Камыш айыл өкмөтүндөгү «Бос-Талаа» көчөсүнөн (контр №4580, 4529, 4530, 4531) жалпы аянты 51,30 га, «Бос-Тектир» көчөсү (контр №4608) жалпы аянты 5,3 га жалпы 56,60 га жерлерди трансформацияга өкмөт башчысы Р.Өмуркановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, сары-Камыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Бос-Талаа» көчөнүн (контр №4580, 4529, 4530, 4531) жалпы аянты 51,30 га, «Бос-Тектир» көчөсу (контр №4608) жалпы аянты 5,3 жалпы 56,60 жана каттоого түшө элек жана турак жайлар трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Турак жай үчүн берилүүчү жер аянттары жер тилкелерин алуучу жарандарга 0,15 сотыхтан бөлүштүрүлсүн.
3. Трансформациялоо үчүн бөлүнгөн акча каражатын камсыз кылуу жагы каржы бөлүмүнун башчысы Г.Тагаевага милдеттендирилсин.
4. Жерлерди тактоо учун төмөндөгүдой жумушчу комиссия түзүлсүн.
1. Төлөмуш уулу Жумадияр а/башчы –ком. төрагасы
2. Норузбаев Алмазбек а/ башчы- мүчөсү
3. Сыдыев Таалайбек депутат – мүчөсү
4. Мамытов Жаркынбек ВУС – мүчөсү
5. Чекиров Талант депутат – мүчөсү
6. Турсунбаев Таласбек депутат мүчөсү
7. Садыкова жаныл депутат – мүчөсү
5. Каттоого түшө элек жерлерди жана турак-жайларды трансформациялоодо Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн аймагында так жана сапаттуу жүргүзүлүүсун камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Р.Өмуркановго милдеттендирилсин.
6. Контрларды тактоо Мам Каттоо башкармалыгынан суралсын.
Ш.Кенжетаев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Р. Жакыпов |