Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2020-жылдын 18-декабры № 92
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын батыш тарабындагы, мамлекеттик менчиктеги № 932, 933 , 934, 935, 468, 469, 490, 491, 492, 494, 495, 496, 497, контурларындагы 50 гектар кайрак жер аянты, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: |
| Ибраим уулу Т. |