Загрузка документа…
2021-жылдын 14-майы № 4
Улахол айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 11 пунктуна ылайык, Улахол айылдык аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесине таянып, Улахол айылдык Кенешинин сессиясы
токтом кылат:
· Улахол айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
· Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашту жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
· Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Улахол айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
· Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айлдык Кеңешинин төрагасы А. Жолалиевге милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: |
| А.Жолалиев |