Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын улахол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынын
2022-жылдын 23-ноябры № 108
“Жылгынды-Коо” участкасынан 25,0 га жер аянтын трансформациялоо жана айыл өкмөттүн карамагына алуу жөнүндө
“Жылгынды-Коо” участкасынан 25,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жана категориясын өзгөртүү жөнүндө айыл өкмөттүн башчысы М.Бейшеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Жылгынды-Коо» участкасындагы 3-4 контурдан жалпы 25,0 га жер аянты Улахол айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жана жер аянтынын котегориясын которууга макулдук берилсин.
2. “Жылгынды-Коо” участкасынын 25,0 га жер аянтынын котегориясын которуу үчүн иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Соконовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы М.Бейшеевге жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Айылдык Кеңештин төрагасы: |
| А.Жолалиев |