Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын улахол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынын
2022-жылдын 23-ноябры № 101
Тоң райондук өнүктүрүү фондуна 2023-жыл боюнча сунуштары жөнүндө
Тоң райондук өнүктүрүү фондуна 2023-жыл боюнча сунуштары жөнүндө айыл өкмөт башчысы М.Бейшеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тоң райондук өнүктүрүү фондуна 2023-жылга төмөндөгүлөр сунушталсын.
Кара-Талаа айылындагы Кырманды коруп өндүрүшкө колдонуу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу
Туура-Суу айылынын кичи футбол аянтчасына газон сатып алуу
Кара-Талаа айылына таза суу резервуар куруу
Шор-Булак айылынын мектебине жылыткыч алуу
Кара-Талаа айылынын борбордук көчөсүнө көрктөндүрүү жана коруу үчүн материалдарды сатып алуу
Шор-Булак айылынын К.Мукашева көчөсүн көрктөндүрүү жана коруу үчүн материалдарды сатып алуу
Оттук айылындагы Кененбай-Ата эстелигин көрктөндүрүү жана коруу иштерине материал сатып алуу
Кара-Талаа айылынын стомотология кабинетине керектүү шаймандарды алуу
2.Сметалар такталгандан кийин ар бир долбоорго өзүнчө сунуштарды берүү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Бейшеевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Айылдык Кеңештин төрагасы: |
| А.Жолалиев |